Талас облусунун Манас районунда жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, КР УКМК мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган кыймылсыз мүлк объекттерин кайтарып алуу боюнча активдүү иш-чаралардын жүрүшүндө 7,28 га аянттагы муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз өткөрүп берүүнү аныктады.

 Натыйжада КР УКМК жер тилкесин  мамлекеттин балансына кайтарып берди.

 УКМК КР Жер кодексин бузууларга жол бербөө жана мамлекеттик мүлктү ээлеп алуу аракеттерине бөгөт коюу жөнүндө эскертет.

Related posts

Бишкекте сегиз жаштагы кызды жүк ташуучу унаа коюп кетип каза тапты

mediaportalk

Нукенованын өлүмү: Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды

mediaportalk

Ташиев эне капиталы качан берилип баштаарын айтты

mediaportalk

Комментарий