ЖОЖдун мугалими үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды

Бишкекте бүгүн түнү милицияга 11-кичи райондо болгон үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барганда 1988-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран аялына орой сөздөрдү айтып, кол көтөргөнү аныкталган.

Бул факты тешелүү каттоого алынып, ага карата «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Ал райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ж.Т. аттуу жаран борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштей турганы белгилүү болду.

Милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды, ошондой эле мындай учурлардын күбөлөрүн бул тууралуу жакынкы милиция кызматкерине же күнү-түнү иштеген 102 кыска номерине дароо билдирүүгө чакырат.

Related posts

«Яндекс.Такси Корп» ЖЧКсы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы боюнча

mediaportalk

Саламаттыкты сактоо министри боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты

mediaportalk

УКМК К.Асанбектин эки унаасын мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү тууралуу маалыматты төгүндөдү

mediaportalk

Комментарий