ЖОЖдун мугалими үй-бүлөлүк зомбулукка шектелип кармалды

Бишкекте бүгүн түнү милицияга 11-кичи райондо болгон үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери барганда 1988-жылы туулган Ж.Т. аттуу жаран аялына орой сөздөрдү айтып, кол көтөргөнү аныкталган.

Бул факты тешелүү каттоого алынып, ага карата «Үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү. Ал райондук башкармалыктын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ж.Т. аттуу жаран борбор калаадагы жогорку окуу жайлардын биринде мугалим болуп иштей турганы белгилүү болду.

Милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарды, ошондой эле мындай учурлардын күбөлөрүн бул тууралуу жакынкы милиция кызматкерине же күнү-түнү иштеген 102 кыска номерине дароо билдирүүгө чакырат.

Related posts

Ош шаардык казыятынын айланасында чоң чуулгандуу иш: кызматкерлер мыйзамсыз акча чогултуп турганы аныкталды

admin

УКМК Ошто билим берүү мекемелеринде корррупциянын алдын алуу боюнча жыйын өткөрдү 

admin

Анкарадагы терактта жабыркагандарын арасында кыргызстандыктар жок – ТИМ

admin

Комментарий