Камчыбек Ташиев Кыргызстан-Өзбекстан-Тажикстан чек аралары бириккен аймакка барды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 12-декабрда, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстан–Өзбекстан–Тажикстан мамлекеттик чек аралары бириккен аймакта орнотулган стеллага барды. Иш сапардын алкагында атайын кызматтын башчысы чек арадагы учурдагы абал боюнча кеңири маалымат алып, мамлекеттик чек араны тосуу багытында жүргүзүлүп жаткан зым тосмолордун сапатын жеринен текшерди.

Ошондой эле Камчыбек Ташиев чек ара инфраструктурасын мындан ары чыңдоо, коопсуздукту жогорулатуу жана курулуш иштеринин темпин ыкчамдатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды берди. Айрыкча чек ара режимин так сактоо жана алдын алуу чараларын күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Мындан тышкары, атайын кызматтын төрагасы 2022 аскер бөлүгүнө да барды. Ал жерде мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча иш-чараларга активдүү катышкан аскер кызматкерлерине акчалай сыйлыктар тапшырылып, алардын кызматтык жоопкерчилиги жана салымы жогору бааланды.

Маалымдай кетсек, учурда Тажикстан Республикасы менен чектешкен Баткен облусунун чек ара тилкесинин 80 пайызы зым тосмолор менен толук тосулду. Калган 20 пайызын тосуу иштери бекитилген графикке ылайык улантылып, 2026-жылы толук аяктай турганы белгиленди.

Related posts

КР УКМК: Ат-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Т.А. акча каражаттарын пара катары берүү учурунда кармалды

admin

Статком: Электр энергиясынын жоготуулары болжол менен 2,4 млрд кВт/саат

admin

«Рух ордодо» курулуп жаткан комуз сымал пирстин көрүнүшү. Фото

admin

Комментарий