Санкт-Петербургдук театр Бишкекте 3 спектакль тартуулайт

Бишкектин тарыхында алгачкы жолу Санкт-Петербургдун атактуу «Балтийский дом» театрынын чоң гастролдору өтөт. Бул тууралуу орус драма театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, театрдын өнөрпоздору Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын сахнасында 12-июндан 14-июнга чейин өздөрүнүн тандалган үч спектаклин сунуштайт. Алар:

  • «Таня» (Алексей Арбузов) – бул спектакль 2024-жылы Санкт-Петербургдун «Алтын софит» жогорку театралдык сыйлыгына татыган. Адамдын жан дүйнөсүн толкутуп, түбөлүктүү баалуулуктар тууралуу ойго салган драма.
  • «Попрыгунья» – А. П. Чеховдун өчпөс чыгармасынын мотивиндеги трагикомедия. Окурмандарды кылдат юмор, курч драма жана адамдык мамилелердин кылдат жактарын ачып берген чебер актёрдук оюн күтөт.
  • «Үч эркек жана бир шедевр» – Рон Хатчинсондун пьесасы боюнча коюлган комедия. Голливуддун көшөгө артындагы жашоосун күлкү жана курч акыл менен баяндаган бул чыгарма көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулайт.

Спектаклдерге билеттерди театрдын кассасынан жана Ticket.kg сайтынан алууга болот.

Related posts

Бишкекте чет өлкөлүк Цэрендаш Монхзул изделип жатат

admin

Монголияда кар бороонунан 334 адам дайынсыз болуп жаткан. Алардын 333ү табылды

admin

КР УКМК: Таласта уюшкан кылмыштуулуктун идеологиясын жайылткан кыргызстандык жаран кармалды

admin

Комментарий