«75 кишинин каты». Жактоочулар сотту кайра жабык режимде өткөрүүнү сунушташты

Бүгүн, 18-июнда, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда «75 кишинин каты» деп аталган кылмыш иши боюнча кезектеги ачык сот отуруму өттү. Бул иш боюнча мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, мурдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана башка айыпталуучулар сот жообуна тартылууда.

Айыпталуучулардын арасында ошондой эле Бекболот Талгарбеков, Курсан Асанов, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Эмиль Узакбаев бар.

Соттук отурумду судья Азирет Медеров алып барууда. Ал сот залына кирүүдө кыйынчылыктар жаралганына нааразы болуп, мындай көйгөй адвокаттар менен айыпталуучуларда да болгонун белгиледи.

Бир нече жактоочу сот жараянын кайрадан жабык режимде өткөрүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунушташты. Алардын айтымында, журналисттердин көптүгү соттун ишине тоскоолдук жаратууда.

«Журналисттер айыпталуучуларга өтө жакын келип жатышат. Процесс башталганына 15 мүнөт болсо да, талаш-тартыштардан улам соттук отурум иш жүзүндө баштала элек», — деди жактоочулардын бири.

Өз кезегинде судья Медеров сот отуруму аяктагандан кийин журналисттерди өз кабинетине чакырып, сот процессин мындан ары кандай чагылдыруу жана уюштуруу маселелерин талкуулоону сунуштады.

Related posts

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 35 учуру катталды 

admin

Ташиев Бишкекте ички иштер бөлүктөрүнүн майрамдык саптык кароосуна катышты

admin

Кыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун түздү

admin

Комментарий