УКМК тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналынан 16 килограмм баңгизат алынды

УКМК ири масштабдагы атайын операциянын жүрүшүндө баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнүн бир нече ири каналдарын токтотту. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Бишкек шаарында, Чүй жана Ош облустарында ири көлөмдөгү баңгизаттарды жеткирүүгө катышкан уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, болжолдуу түрдө Ооганстандан чыккан баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенген туруктуу адамдардын тобунун ишмердүүлүгү аныкталды. 

2026-жылдын 17-июнунда Бишкектеги бир нече даректерде санкцияланган тинтүү иштери жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн 10 килограммдан ашык баңгизат алынды. Андан тышкары, Бишкектин чет жакасындагы бир райондо кара куурай өстүрүүчү ферма табылып, жок кылынды. 

Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө катыштыгы бар деп шектелип, Кыргыз Республикасынын алты жараны кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

Ош облусунун аймагында ушул эле атайын операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны К.У.Б. кармалып, андан 6 кг гашиш түрүндөгү баңгизат каражаты алынды. 

Учурда баңгизаттарды жеткирүү каналдарын, башка тиешеси бар адамдарды жана жасалган кылмыштын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Related posts

28-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Абанын күндүзгү температурасы

admin

Бириккен айыл аймактарынын кеңештеринин төрагаларын шайлоо. Кеңештердин уюштуруу сессияларынын биринчи күнүндө 51 төрага шайланды

admin

Комментарий