Өспүрүм кыздын зордукталышы: Шектүүлөрдү камактан бошоткон сот кызматтан кетти

16 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу ишти караган сот кызматынан бошотулганы белгилүү болду.

Бишкектеги Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков 2 шектүүнү өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен бошоткон болчу.

Жогорку соттун маалыматы боюнча, судья 8 июлда Соттор кеңешине ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөнө мурда токтотуу тууралуу арыз жазган. Буга чечими менен сот системасына көлөкө түшүргөнү себеп болду, деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

16 жаштагы кыз зордукталганына байланышкан иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралган. Шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнүн «Балдардын укугун коргоо лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирген болчу.

Анын айтымында, 2 фигурант КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 161-беренесинин 3-бөлүмү («Зордуктоо»), 162-берененин 3-бөлүмү менен айыпталып жатат. Алдын ала угууда сот 2 айыпталуучуну өлкөдөн сыртка чыкпоо талабы менен бошотту.

«Жабырлануучу кыз жаракаттын кесепетинен өлүп кала жаздаган», – деп белгиледи Турдубекова

Related posts

 Садыр Жапаров расмий иш сапары менен Казакстанга барат

admin

Кайгуулчулар Бишкектин Кулиев көчөсүнөн эркек кишини кармап кетишти

admin

«Ата-апам ажырашып кеткен». Ошто дүкөндөрдөн уурулук жасоого шектелип 23 жаштагы жаран кармалды

admin

Комментарий