Абитуриент -2022. Кесиптик орто окуу жайларга кабыл алуу башталды

Билим берүү жана илим министрлиги 2022-2023-окуу жылына кесиптик орто окуу жайларына (мындан ары – коож) абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графиги боюнча буйругу бекиди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, документтерди онлайн каттоонун биринчи туру 2022-жылдын 12-июлунан 18-июлуна чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 19-20-июлда төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

— баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 22-июлда белгилүү болот. Сунушталган абитуриенттер 23-июлдан 26-июлга чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоого тийиш.

II тур

Документтерди онлайн каттоонун экинчи туру 2022-жылдын 27-июлунан 3-августка чейин уланат.

Кирүү сынактары 4-5-август күндөрү төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

— баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 8-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 9-августтан 11-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу керек.

III тур

Документтерди онлайн каттоонун үчүнчү туру 2022-жылдын 12-августунан 19-августка чейин жүрөт.

Кирүү сынактары 20-22-августта төмөнкүлөр үчүн өткөрүлөт:

— баллдары бирдей болгон абитуриенттер үчүн;
— медицина, маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктери үчүн.

Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 24-августта белгилүү болот. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 25-августтан 27-августка чейин коождо окуй тургандыгын тастыктоосу зарыл.

Related posts

Ооган аймагынан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгы белгиленди

admin

Бишкекте «Ирак жана Левант Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун жактоочусун кармады

admin

Бишкектеги №63 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

admin

Комментарий