Ташиев – каралардын, коррупционер уурулардын элдешкис душманы

УКМКнын төрагасы Камчыбек ТАшиев кызматтык милдетине киришкен алгачкы күндөн тартып коррупция менен күрөшөп келе жатат. Алгач, мамлекеттин байлыгын тоногон уурулар “мурдагыдай эле сүйлөшүп, чечип алабыз” деп үмүт кылышкан. Ыкчам камакка алып, жегенин мойнуна алдырып, мүлкүн, байлыгын мамлекеттин казынасына төктүрдү. Башында тоготпогондор сестенип, катуу корккондор суу кечип Америкага чейин качышты. Коррупциядан тышкары уюшкан кылмыштуу топко кыргыйдай тийип, лидерлерин камап, канатын сындырып, бизнесмендерди тоноп чогулткан акчаларын мамлекеттин казынасына кайтартты. Ушунун негизинде мамлекеттин булуӊ-бурчуна балдар бакчалары, социалдык обьектилер түшүп жатат. Мамлекетте мыйзамдын үстөмдүгү орноду.


Арам ырыскыларынан айрылгандар азыр баш көтөрө албай, фейк-троллдорду жалдап алып Ташиевди социалдык баракчаларда жамандатып жатат. Аларга эмне? Акча төлөп койсо жалаа жаба беришет, бирок карапайым эл Ташиевдин эмгегин көрүп турат.
Камчыбек Ташиев президент Садыр Жапаровго жөлөк болуп, экөө мамлекеттин, элдин жашоосун оӊдойбуз деген чоӊ жүктү татыктуу көтөрүп келе жатышат.
1 жылдан ашык убакытта көп өзгөрүүлөр болду. Айлык маяналар жогорулады, социалдык жөлөк пулдарга кошулду. Күч түзүмдөрүнүн айлыктары, пенсия-пособиялар көбөйдү. Августан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыктары жогорулайт экен.
Мунун баары мамлекеттеги тартиптин үстөмдүгү болуп жаткан үчүн болууда.
Камчыбек Ташиев – тартип, намыс, мыйзам жана кайраттуулук!

Related posts

Сүйүнчү! Айсулуу Тыныбекова жылдын мыкты балбаны аталды

admin

Унаасын көл жээгине чейин алып барып, эс алгандарга 15 миң сом айып пул салынды

admin

КР УКМК: Баткен районунун Жаңы-Жер айылындагы жалпы аянты 15,9 га болгон 4 жер тилкеси мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды

admin

Комментарий

WWW.NET.KG WWW.NET.KG