Ошто эт, сүт азыктарын арзан саткан социалдык дүкөндөр ачылат

Августтун башында Ош шаарынын жети муниципалдык аймактык башкармалыгында социалдык дүкөндөр ачылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов бардык муниципалдык аймактарда ачууну тапшырган.

Долбоордун негизги максаты — калктын муктаж катмарына эт жана сүт азыктарын базар баасынан 10 пайызга төмөн сатып алууга шарт түзүү.

“Учурда социалдык дүкөндөрдүн курулуш иштери бүткөрүлдү. Ошондой эле мыйзам чегинде ветеринардык инспекция тарабынан товар алып келүүчү тараптарды да тандоо аяктады”, — деп айтылат маалыматта.

Социалдык дүкөндөрдөгү азыктардын сапатын ветеринардык инспекция көзөмөлдөйт.

Related posts

Ысык-Көлдө 13 кытай туристи кармалды. Алар эмнеге шектелүүдө?

admin

Боомдо жол эки тараптуу ачылды

admin

Бишкектеги 2 мектеп менен 2 бала бакчада жылуулук берүү токтотулду

admin

Комментарий