Коркутууга кабылып, жоголуп жаткан 16 жаштагы кыз Ноокаттан табылды

14-июндан бери дайынсыз болуп жаткан Кызыл-Кыя шаарынын тургуну — 16 жаштагы кыз Ноокат районунан табылды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча 26-июлда интернетте белгисиз эки адам жашы болжол менен 15-16 жаштагы кызды коркутуп, он миң сом акчаны кайда коротконун сурап, кызга кол көтөрүп жаткан видео тараган.

Териштирип, иликтөөлөр аркасында видеодогу кыз Кызыл-Кыя шаарынын тургуну экени аныкталды. Кыздын өз үйүнө барып сураганда апасы 14-июнь күнү 05.00 чамасында 2005-жылы туулган С.Г. аттуу кызы үйдөн чыгып кеткен бойдон табылбай жатканын айткан, ал бул боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Бул факт Кызыл-Кыя шаардык милициясында катталып, кыз изделе баштаган. Акыры ал Ош облусунун Ноокат районунан табылып, апасына эсен-соо өткөрүлүп берилди, деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда акыркы жылдарда кыздарга жана аялдарга зордук-зомбулук күчөп жатканы белгиленип келет. 38 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президентке кайрылып, бул маселеге олуттуу көңүл бурууну талап кылышууда.

Related posts

Ошто бир үй-бүлө иске ууланды. Беш жашар бала каза болду

admin

Жапаров менен Ташиев Исхак Раззаковдун кызы менен жолугуп, батир белек кылды (сүрөт)

admin

Сүттүн майлуулугуна жараша баасы аныкталат…

admin

Комментарий