“Ирина Кайратовна” тобунун мобилографынын каза болушу.

Казакстандын “Ирина Кайратовна” тобунун мобилографы сахнада көз жумган. Окуя 14-октябрда кечинде Астанада концерт башталар алдында болгон.

Маалым болгондой, 21 жаштагы мобилограф сахнадан эс-учун жоготуп кулап, каза болгон. Иш-чара токтотулган.

Биз үчүн айтуу абдан кыйын болуп жатат. Мобилограф сахнада кулап түштү. Көрсөңөр керек, ал каза болду. Ошондуктан, тилекке каршы, бүгүн концерт коё албайбыз. Келгениңизге чоң рахмат”, — деген «Ирина Кайратовна» тобунун мүчөсү Азамат Маркленов.

Учурда социалдык тармактарда окуянын видеосу тарап жатат.

Related posts

Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушту

admin

Бишкекте баңгизат саткан милиционерлер кармалды – УКМКнын шок операциясы

admin

Даниел Ажиев 9 жылга эркинен ажыратылды

admin

Комментарий