Эртең тоолуу аймактарда жамгыр жаайт

Кыргызгидромет кызматы кабарлагандай, 5-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтөт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоолуу жерлеринде жамгыр жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 28…33,

Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,

Нарын дубанында түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Түнкүсүн 17…19, күндүз 31…33 градус ысык.

Related posts

Саламаттыкты сактоо министри боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты

admin

Токмокто өспүрүмдөр мушташып, экөөсү бычактан жаракат алды 

admin

Садыр Жапаров: Чек араны бүгүн чечпесек, кийин оор болот

admin

Комментарий