Бишкекте мектеп автобустары жүрө баштады 

Бишкекте 24-ноябрдан тарта тесттик режимде мектеп автобустары жүрө баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине долбоордун менеджери Аязбек Мадалов билдирди.

Анын айтымында, биринчи этапта Өзбекстандын ISUZU үлгүсүндөгү эки автобус тартылып, эки каттам аныкталган.

“Азырынча биз төрт негизги мектепти жана биз өтө турган жолдо жайгашкан бир нече мектепти камтып жатабыз. Жол кирени жакында Instagram баракчабызга жарыялайбыз”, — деди Мадалов.

Бекитилген маршрутка ылайык автобустар №13, 70, 69 жана 29 мектептерди камтыйт. Каттамдардын жүгүртмөсү ата-энелердин өтүнүчү боюнча жаңыртылууда. Алардын айрымдары маалымат менен бөлүшүп, анда жол кире 25 сом экенин жана жол кире карталарын сатып алууга кызыкдар экендигин билдиришкен.

Долбоордун менеджери белгилегендей, бардык маселелер боюнча маалыматтар Instagram баракчасында үзгүлтүксүз жаңыланып турат.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, толук маалымат алуу үчүн Токтоналиев көчөсү, 103 дарегиндеги “Шаттл Скул Бас” ЖЧКсынын кеңсесине кайрылууга болот.

Эскерте кетсек, долбоор пилоттук режимде мэрия менен жеке компания тарабынан биргеликте ишке ашырылууда.

Related posts

Нурланбек Шакиев Улуу Британиянын жана Ирландиянын парламентинин Общиналар палатасынын төрагасы менен жолукту

admin

Баткен районунун тургуну өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен кармалды 

admin

«Ыраазычылык билдирүү үчүн келдим». Депутат Калпаев Баткенде тургундар менен жолугушуу өткөрдү

admin

Комментарий