Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга .коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров элчилик кызматына 2019-жылдын декабрында  дайындалган.

Related posts

Жогорку Кеңештин спикери: АКШ кыргызстандыктарга виза берүүнү жеңилдетиши мүмкүн

admin

КР УКМКнын Биринчи май жана Свердлов райондук бөлүмдөрүнүн жаңы имараты ачылды

admin

УКМК: «УСТА» базарындагы мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу боюнча фактылар аныкталды

admin

Комментарий