Ташкентте 14 жаштагы өспүрүм тууганын мылтык менен атып салды

Өзбекстанда 14 жашар өспүрүм аталаш тууганын атып алды. Бул тууралуу Ташкент облусунун ички иштер башкы башкармалыгына таянып чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-августунда Ташкент облусунун Паркент районунда аталаш бир тууган өспүрүмдөр үйдөн таякесинин пневматикалык мылтыгын эч кимге көрсөтпөй алып чыгып кетишкен.

Алар канаттууларга аңчылык кылуу учурунда 14 жаштагы бала кокусунан 15 жаштагы тууганын көкүрөк тушка атып алган. Өспүрүм алган жараатынан улам, окуя болгон жерден каза болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы иликтенип жатканы айтылат.

Related posts

Мадумаровду жоопкерчиликке тартуу чечимин кабыл алууда депутаттарга кысым болгонбу?

admin

Ошто жер титирөө катталды

admin

КР УКМК Бишкек шаардык ИИББ МККБ коррупциялык схемасы аныкталып бөгөт коюлду

admin

Комментарий