Саламаттык сактоо министринин милдетин эми Гүлнара Баатырова аткарат

Баатырова Гүлнара Маришовна саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйланды

admin

Өзүнчө күзөт жана камсыздоо батальонунун жаш жоокерлери ант беришти

admin

12-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий