Саламаттык сактоо министринин милдетин эми Гүлнара Баатырова аткарат

Баатырова Гүлнара Маришовна саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

«Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Сот Мадумаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке какты

admin

Кумтөр кенине таштандыларды жок кылуучу уникалдуу жабдык орнотулду

admin

Жо Байден менен жубайы Садыр Жапаровду коноктоду

admin

Комментарий