Бишкекте курсанттар жол кырсыгына кабылышкан. Окуя боюнча кылмыш иши козголду

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер институтунун курсанттары аскердик ант бергенден кийин «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагында жол кырсыгына кабылган.

Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, аталган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, кызматтык иликтөө иши жүрүүдө.

“Ведомство жабыркаган курсанттардын дарылануусуна, медициналык текшерүүгө жана операцияга тиешелүү жардам көрсөтүүдө. Аскер кызматкерлери аскердик дарыгердин көзөмөлүндө. Курсанттардын абалы канааттандырарлык”, — деп айтылат маалыматта.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, министрдин орун басары жана Аскер институтунун жетекчиси жол кырсыгынан жабыркаган курсанттардан кабар алып, алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Related posts

УКМК: Курулуш компаниясынын мүлкүн басып алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

admin

Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген

admin

УКМКнын Балыкчы шаардык бөлүмүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду

admin

Комментарий