Депутаттык комиссия Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген

Бүгүн, 9-январда Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү сунушун кароо боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктады.

Жергиликтүү ЖМКлар маалымдагандай, комиссия Жогорку Кеңешке Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурорго уруксат берүүнү сунуштоодо. Бул чечимге комиссиянын жети мүчөсү добуш берсе, бирөө өзгөчө пикирин билдиргени айтылды.

Жамгырчиев өзү бүгүн парламентте маалымат жыйынын берүүнү көздөп, бирок ал ишке ашкан жок. Депутаттын кайда экени азырынча белгисиз. Кесиптештери анын кайда экенин билишпейт. Бүгүн ал депутаттык комиссиянын жыйынынан кийин маалымат жыйынын өткөрмөкчү. Аны басма сөз залынын жанында бир нече саат күттүк. Бирок ал келген жок. Анын кайда экени тууралуу кабарыбыз жок», — деп билдирген Кактус агенттигине депутаттар.

Related posts

18-20-февраль күндөрү кар көчкү жүрүшү мүмкүн

admin

Жер титирегенде эмне үчүн айгай сиреналары иштеген жок? Расмий жооп

admin

ӨКМдин керектөөсү үчүн эки талаа госпиталы берилди

admin

Комментарий