Талас мамлекеттик университетинин ректору коррупцияга шектелип кармалды

Талас мамлекеттик университетинин кызмат адамдары тарабынан бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас мамлекеттик университетинин ректору У.А.Ш. аттуу жаран жана башкы бухгалтери К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында жогорку окуу жайдын кызматкерлерине кайра ТалМУнун жетекчилигине 6 миң сом өлчөмүндө “белги” (отметка) катары кайтарып берүү шарты менен ар бирине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды ыйгарып турганы аныкталды.

Мындан тышкары аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең учунан сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан.

Ошондой эле А.У.Ш. кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып, мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген.

Иликтөө иш-чараларынын алкагында, жогорудагы адамдардын иштеген жана жашаган жери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык У.А.Ш. Талас облустук убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда жогорудагы мыйзамсыз фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


Related posts

Камчыбек Ташиевге кайрылган тургун жарандык документтерге ээ болду

admin

Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу «жооптуу кызматка» дайындалды

admin

Бишкектеги бир нече кичи автобустардын кыймылы өзгөрдү (сүрөт)

admin

Комментарий