Жаан жаабайт. 10-сентябрга карата аба ырайы

10-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;

Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 24…29;

Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градуска чейин жогорулайт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градуска жетет.

Чолпон-Атада жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° болот.

Related posts

Боомдо жол эки тараптуу ачылды

admin

Жогорку Сот Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчисин актады

admin

Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштайт. Ага Садыр Жапаров катышат

admin

Комментарий