10-сентябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 28…33;
Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29;
Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 24…29;
Бийик тоолордо түнкүсүн -3…+2, күндүз 9…14 градуска чейин жогорулайт.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 15…17, күндүз 31…33 градуска жетет.
Чолпон-Атада жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 24…26° болот.