Саясат жүрүшүндө күзгү божомолдор башталдыбы?

Азыркы учурда өзүн саясатчы» атаган дивандык эксперттерде күзгү депрессиянын алгачкы белгилери байкалгандай.

“Жаз жарыш, күз күрөш” деген кыргыз саясатына да тийиштүү сөз.
Күз келери менен эле унутта калган саясатчылар менен көзү ачыктар ар кандай эксперттик ойлорун айтып, жандана баштайт. Саясатчымын дегенденр мурда кийин эч нерсе болбогондой, айдан түшкөндөй, беттерин былтыйтып эле элге акыл үйрөтө башташат.
Ошолордун бири – Өмүрбек Суваналиев.
Баткенден абийири төгүлүп, кызматтан айдалгандан бери жоголуп кеткен эле, кече жакында медиа айдыңында пайда болду.
Сүйлөп, акыл айтып, эксперт болуш – бул башка кеп. Жоопкерчиликти алып, маселе чечип, кызмат кылыш – бул башка кеп экенине Суваналиевдин өмүр баяны далил. Тили менен орок оргон бул ойрондун абийиринде – 34 мекендешибиздин өмүрү.
“Мен анткемин, минткемин” деп өткөн чагын божурап, кино жомок айтканды жакшы көргөн бул “ генерал” кыйынчылык менен бетме бет келгенде колунан бир да иш келбеген бир мажирөө экенин Баткенде облусту жетектеп турганында көрбөдүкпү. Муну мамлекет башчылыгы чек арага чектеш Баткенге “ии мыктымын эле дейт, ошол тажрыйбасын пайдаланалы” деп алып барган да.
Жергиликтүү эл менен камыр жумур боло албаганы аз келгенсип, коңшулардын генералдарына даап, тең ата сүйлөшө албай, уят болду. Эми аскер адамы катары уят болгонун мойнуна алып, шүк отурбай, мамлекеттик саясат боюнча сын тага баштады. Жүргүзүлүп жаткан кадр саясатына да каршы имиш. Бир облусту жөндөп башкара албаган Суваналиевге кадр катары азыркы бийлик муктаж деле эмес болушу керек.
Айтор, тигил же бул саясий топ көңүл буруп калаар деген Суваналиевдин ишаратына удаа эле Назарньюс.кг сайтына Света Тойгонбаева аттуу саясий төлгөчүнүн да божомолу чыгыптыр. Бул жөн гана дал келгендикпи же жаны тынчыбаган олигарх-саясатчы-эксперттер өткөнүн эңсеп, күзгү депрессияга алдырып жатабы?

Related posts

«Биз согуштун босогосунда турабыз». Израилдин өкмөт башчысы өлкөсүнө болгон кол салуу тууралуу үн катты

admin

Ноокендеги сел: Эвакуцияланган 300 турак жайдын тургундары үйлөрүнө кайтууда

admin

Чүйдө төрөттөн кийин көз жумган келин. Төрөттөн кийин операция жасалган

admin

Комментарий