Депуттар кен казган ишканалардын калдыктарды сактоочу жайлардын экологиялык абалы менен таанышты

Бүгүн, 10-октябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Республика боюнча кен казган ишканалардын калдыктарды сактоочу жайлардын (хвостохранилищалардын) экологиялык абалы тууралуу» маселе каралды. Демилгечи — Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Кыдыкбаев.

Жыйында баяндама жасаган КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова белгилегендей, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 103 калдык сактоочу жай бар, анын 66сы радиоактивдүү, 37си — уулуу калдыктар.

Министр жаратылышты коргоо мыйзамдарын сактоо боюнча мамлекеттик экологиялык көзөмөлдү ишке ашырууга байланышкан көйгөйлөрдү системалуу чечүү зарылдыгын белгиледи. «Акыркы 5 жылда тоо-кен ишканаларынын бир бөлүгү текшерилди. Ишканаларга карата мыйзам бузуулар боюнча 58 протокол түзүлүп, 305 миң сом айып өндүрүлгөн. Албетте, бул чаралар жетишсиз, маселени системалуу түрдө чечүү зарыл, анткени бул калдыктар оор абалда жана айлана-чөйрөнү булгануу коркунучун жаратууда», — деди.

Мындан тышкары, Д.Кутманова учурда министрлик тоо-кен калдыктарын кайра иштетүү боюнча техникалык жана укуктук маселелерди чечүүнүн үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Өз кезегинде, КР Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов ӨКМнын балансында 60 калдык сактоочу жай бар экенин маалымдады. «Министрлик тарабынан аталган объектилерди тейлөө иштери жүргүзүлүп, жээк эрозиясына, селге каршы иштер жүргүзүлүүдө», — деп түшүндүрдү А.Мамбетов.

Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын «Уран казып алуудан жабыр тарткан мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» мамлекеттер аралык максаттуу программанын жыйынтыгына кызыкты. «Мисалы, Миң-Кушта кандай иштер аткарылды?», — деди А.Кенжебаев. А.Мамбетов «Росатом» долбоорунун алкагында жер көчкү коркунучуна мониторинг жүргүзүү боюнча жабдуулар сатылып алынганын, Миң-Куштагы 23 кожолукту көчүрүү үчүн каражат бөлүнгөндүгүн айтты.

Ошондой эле, депутат Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусундагы Кажы-Сай калдык сактоочу жайын рекультивациялоо боюнча долбоордун үчүнчү этабын бүтүрүү зарылдыгын белгиледи. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү бул этап эки жылдын ичинде ишке ашат деп ишендирди.

Related posts

9-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте жарандын буту көчөдөгү темирге кирип, кыпчылып калган

admin

БШК Элдар Абакировду депутат кылып каттады

admin

Комментарий