Кыргызстанга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев мамлекеттик сапар менен келди

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. 

Азербайжандын Президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конду. 

Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди. 

Жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. 

Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды. 

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат. 

Мындан тышкары, сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви  атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Related posts

УКМК: Мурда мыйзамсыз жол менен жеке менчикке чыгарылган бала бакча мамлекетке кайтарылды

admin

Президент окуучулардын телефон колдонушу окуу процессине терс таасирин тийгизип жатканын айтты

admin

Ташиев: «Мамлекетибизде Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт»

admin

Комментарий