Кыргызстанга Азербайжандын президенти Ильхам Алиев мамлекеттик сапар менен келди

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен келди. 

Азербайжандын Президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конду. 

Аэропорттун флагштокторуна Кыргыз Республикасынын жана Азербайжан Республикасынын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, аны бойлото Ардак кароол тизилди. 

Жогорку даражалуу мейманды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тосуп алды. 

Эки мамлекеттин башчысына концерттик программа тартууланды. 

Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынына катышат. 

Мындан тышкары, сапардын алкагында “Кыргызстан-Азербайжан достугу” сейил багынын, ошондой эле Гейдар Алиев жана Низами Гянджеви  атындагы жалпы билим берүү мектептеринин ачылышы болот.

Related posts

Бишкек – Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланып, жол ачылды

admin

«Түнү менен үшүп-тоңуп чыгып жатабыз» деген жашоочуларга курулуш компания жооп берди

admin

Садыр Жапаров Ташиевге кайсы эмгеги үчүн жогорку мамлекеттик наам берилгендигин түшүндүрдү

admin

Комментарий