Бишкекте Президент Садыр Жапаров менен Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болду

Бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мрамор чатырдын астында Кыргызстандын жана Азербайжандын мамлекеттик желектери илинип, Ардак кароол тизилип, килемдер төшөлдү. 

Мамлекет башчыларынын өз ара саламдашуусунан кийин Азербайжан менен Кыргызстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Өлкө башчылары Ардак кароол ротасынын командиринин рапортун кабыл алып, катарды айланып өтүштү.

Андан соң Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев расмий делегацияларын тааныштырышып, Ардак кароолдун аскер кызматчылары мамлекет башчыларынын алдынан өтүштү.

Биргелешкен сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттер аралык кеңештин биринчи жыйынынын тар курамдагы отурумуна катышуу үчүн залга өтүштү.

Related posts

Ташиев комплекстүү жекеме-жеке уруш боюнча эл аралык мелдешке катышкан УКМКнын кызматкерлерин кабыл алды

admin

Жогорку Кеңеш желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун толугу менен колдоду

admin

Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду

admin

Комментарий