УКМК: Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды

Жалал-Абад шаарында жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренесинин 2-бөлүмү («жалган ишкерлик») боюнча кылмыш иши козголгон.

Такталган боюнча, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер такталган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы туралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды.

Related posts

КР УКМК: Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объектилери жана жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Баатыр эне» наамын берүү жобосу өзгөрөт

admin

«Чегине баратабыз». Батышта жакындаган коркунуч туурасында коңгуроо кагылууда

admin

Комментарий