Аскарбек Жаныбеков: Жыл башынан бери дыйкандарга 2,5 млрд сомго техника лизингге берилди

Жыл башынан бери айылдык товар өндүрүүчүлөргө 2,5 млрд сомго техника лизингге берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков журналисттерге маалымдады.

«Быйыл Айыл чарба министрлиги «Айыл банк» аркылуу фермерлерге 2,5 млрд сомго лизингге техника берди», -деп билдирди министр.

Анын айтымында, дыйкандарды айыл чарба техникалары жана жабдуулары менен камсыз кылуу максатында уюштурулган долбоордун суммасы жылдан жылга көбөйүп жатат.
«Алсак, 2020 — жылы айыл чарба техникаларын алууга дыйкандарга 820 млн сом каралса, былтыр фермерлер февраль айында эле 1 млрд 226 млн сомго техниканы лизингге алышты. Быйыл сумма 50 пайызга башкача айтканда дээрлик эки эсеге көбөйүп, 2,5 млрлд сомго жетти», — деди Жаныбеков.

Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги «Айыл Банк» аркылуу айыл чарба техникаларынын жана жабдууларынын бардык түрлөрү республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө 7 жылдан 10 жылга чейинки жылдык 6-9% жеңилдетилген шарттарда лизингге берип келет.

Related posts

АКШлык эксперт: Трамп Россияны коркутканы менен таасир этчү эч куралы жок

admin

Бишкекте аялдар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштей баштады

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы 80 гектар жер мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий