Аламүдүндө кездеме сактоочу кампада ири өрт чыкты 

Аламүдүндө кездеме сактоочу кампада ири өрт чыгып, 5 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу алдын ала маалымат боюнча Восток айылынын Береговая көчөсүнүндө жайгашкан кездеме сактоочу кампадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине саат 04:45тен тарта жалпы ӨКМдин 5 өрт өчүрүүчү бөлүмү, Штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу, саат 07:00дө «Тазалык» ишканасынан 2 суу ташуучу унаа жана РЭТинен 1 бригада иш алып барышууда.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен тилсиз жоо саат 07:48де чектөөгө алынган. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Белгилей кетсек, өткөн суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган.

Related posts

Дүйнөдөгү эң кары адамдардын бири 117 жашка чыкты. Ал тууралуу кызыктуу фактылар

admin

Түркияда 2 жолу жер титиреди

admin

Кожошев: ЕАЭБ менен КМШ өлкөлөрүнүн артыкчылыгы — инфраструктурасынын бирдейлиги

admin

Комментарий