Кыргызстандан ЕАЭБге колбаса экспорттогон ишканалардын саны 25ке жетти

Кыргызстан соңку беш жылда ЕАЭБге колбаса экспортун көбөйттү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигининен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, улуттук реестрдеги эт жана колбаса өндүргөн 38 ишкананын 25и ЕАЭБ аймагында продукциясын сатууга уруксат алган.

Колбасанын өндүрүшү төмөнкүдөй өскөн:

2022-жылы — 12 621,5 тонна;

2023-жылы — 16 964 тонна;

2024-жылы — 23 427,9 тонна өндүрүлүп, 1 103,3 тоннасы экспорттолгон.

Кыргызстанда өндүрүлгөн колбаса негизинен Казакстанга, Россияга жана Өзбекстанга экспорттолору кошумчаланды.

Related posts

Бильярд боюнча Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалып, үй камагына чыгарылды

admin

Ташиев УКМКнын бала бакчасынын ачылышына катышты

admin

Эрбол Султанбаев Кыргызстан учкучсуз аппараттарды чыгаруучу завод боюнча билдирүү таратты

admin

Комментарий