Садыр Жапаров иш сапары менен Абу-Даби шаарына келди

 Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда, иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) Абу-Даби шаарына келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы Абу-Даби шаарындагы эл аралык аэропортуна конду.

Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Ушул эле жерде президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.

Эске салсак, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Related posts

Чүй ОИИБдин мурдагы башчысы Самат Курманкулов Орусияга дарылануу үчүн учуп кетти

admin

Майда бензин 1,5-2 сомго кымбатташы болжолдонууда 

admin

Садыр Жапаров Арменияга иш сапары менен барат

admin

Комментарий