Каракол аэропорту ишке берилет

30 жылдан ашык убакыт иштебей турган Каракол аэропорту алдыдагы жазда ишке берилет

Учурда ремонт иштери кызуу жүрүүдө. Эл аралык стандарттарга толук жооп берген жаңы аэровокзал комплекси салынат. Эң башкысы учактар конуу тилкеси 400 метрге узарат. Бул каалаган көлөмдөгү учактардын кыйынчылыксыз учуп-конуусуна мүмкүндүк берет. Курулуш иштери 2023-жылдын майында бүтүп, эл аралык каттамдарды кабыл ала баштайт.
Бул өз кезегинде туризм, айрыкча тоо туризминде альпинизм багытын өнүктүрүүгө түрткү берет.
Каракол лыжа тебүүнү сүйүүчүлөр үчүн да өзгөчө жагымдуу.

Белгилей кетсек, Каракол аэропортунда капиталдык оңдоо иштери акыркы жолу 1978-жылы өткөрүлгөн.

Related posts

УКМК тарабынан баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү каналынан 16 килограмм баңгизат алынды

admin

Кыргызстанда милиция 30-августтан тарта күчөтүлгөн режимде кызмат өтөй баштайт 

admin

Сузактагы кыздар медресесинде өрт чыгып, 2 кыз ооруканага жеткирилди 

admin

Комментарий