Активисттер Али Шабдан менен Атай Бейшенбек камакта калды

Бишкек шаардык соту активисттер Али Шабдан менен Атай Бейшенбектин бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Биринчи май райондук соту аларды 20-декабрга чейин камаган.

Сот мунун алдында активисттердин кармалышын дагы мыйзамдуу деп тапкан.

Эскерте кетсек, 23-24-октябрда жыйырмадан ашуун саясатчылар жана активисттер кармалып, дээрлик бардыгы эки айга камалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен 20-октябрда козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган жана далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Related posts

Трамп: Украина боюнча сүйлөшүүлөр чечиле турган абалга жетти

admin

Бишкекте кезектеги ипотекалык батирлер жарандарга тапшырылат

admin

17-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий