УКМК: «Билим берүү жана илим министрлигиндеги аткаминерлер камалды»

Билим берүү жана илим министрлигинде аткаминерлер камалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз-Орус Славян университетине абитуриенттерди кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинде коррупциялык схеманы аныктаган. Министрликтин жана университеттин жооптуу кызматкерлери бир нече жылдар бою абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуунун учурдагы эрежелерин буйтап өтүп, бюджеттик окуу жайларына мыйзамсыз студенттерди кабыл алууну уюштуруп келгени аныкталган.

Кыргыз Республикасы менен Орусиянын ортосундагы өкмөттөр аралык макулдашууга ылайык, жыл сайын Орусиянын жарандарынын ичинен 50 студент КРСУнун гранттык орундарына кабыл алынып, алардын билим алуусу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин эсебинен төлөнүп келет. Бирок министрликтин жана университеттин жооптуу кызматкерлери акчалай сыйлыкка Кыргыз жарандарынын арасынан республикалык тестирлөөдөн төмөн балл алган абитуриенттерди аталган орундарга киргизип турган. Бул кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында министрликтин Жогорку, орто жана ЖОЖдон кийинки билим берүү башкармалыгынын мурдагы начальниги жана КРСУнун кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы кармалып, камакка алынды.

Related posts

Дем алыш күндөрү өлкөнүн төрт облусунда күн сууктап, үшүк жүрөт

admin

Бишкекте энесин сабап жаткан киши жардамга барган милиционерди кошо токмоктоду

admin

Бишкек шаарында жана аймактарда мыйзамсыз диний лагерлер аныкталды

admin

Комментарий