Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 35,4 млрд. сомго чыкты

Финансы министрлигинин маалымат кызматы быйылкы бюджеттин тартыштыгы эмне себептен 26,2 миллиард сомго өсүп, 35,4 миллиард сомду түзөрүн түшүндүрдү.

Эске салсак, Кыргызстандын республикалык бюджетине киреше көбүнчө салык жана бажыдан түшөт. Ошол эле учурда ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде бажы алымы алгач жалпы казынага түшүп, андан кийин гана ар бир мамлекеттин үлүшүнө жараша бөлүнөт. Анда Кыргызстандын үлүшү — 1,9 пайыз.

Бекитилген бюджет кандай эле?

Киреше — 282,1 миллиард сом;

Чыгаша — 291,2 миллиард сом;

Тартыштык — 9,1 миллиард сом.

Такталгандан кийин республикалык бюджет кандай өзгөрдү?

Киреше — 272 миллиард сом (10,1 миллиард сомго аз);

Чыгаша — 307,4 миллиард сом (16,1 миллиард сомго көп).

Тартыштык — 35,4 миллиард сом (26,2 миллиард сомго көп).

Кирешенин азайып кеткен себеби

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, буга Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышуу жана Россияга каршы санкциялар себеп болду.

«Ушундан улам ЕАЭБге аз акча түшүп, Россия менен Беларустун бажы алымдарына таасир эткен», — деген министрлик.

Кайсы тармакка көп акча жумшалган?

Бюджеттик каражат боюнча чыгаша 2,9 миллиард сомго көбөйгөн. Атайын эсептердеги каражаттарга 11,8 миллиард сом сарпталган. Бул мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдардын чыгымдары.

Мамлекеттик инвестиция боюнча чыгымдар 1,4 миллиард сомду түзгөн. Бул акча инфраструктуралык долбоорлорго жумшалган.

Related posts

Өткөн жылы скутер катышкан 13 кырсык катталып, бир учуру өлүм менен аяктаган

admin

Жогорку кызматтагыларга кызмат көрсөткөн элиталык сойкулардын башчысына сот чечими чыкты

admin

Суусуз жашоо болбойт. Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүн биргелешип иштөөгө чакырды

admin

Комментарий