Болгону 27 жашта эле. Жаш ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болду

Боом капчыгайындагы жол кырсыгынын кесепетинен ырчы Бекжан Темирхан каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 11-ноябрга караган түнү саат 22:30да Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында орун алган. Кырсыктын кесепетинен унаа оодарылып, болжол менен 100 метр бийиктиктеги жардан кулап кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Мерседес” унаасынын айдоочусу У. уулу Т. рулду башкара албай калган. Алган жаракаттарынан улам айдоочу Кемин райондук ооруканасына жаткырылган. Ал эми унаанын Т. уулу Б. аттуу (ырчы Бекжан Темирхан) жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда экспертизалар дайындалып, окуянын чоо-жайы такталууда.

Related posts

УКМК: Келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жалпы аянты 800 чарчы метр 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү

admin

7-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте 7 жаштагы баланы урган жаран кармалды

admin

Комментарий