Садыр Жапаров 14-15- декабрда футбол ойнойт

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган “Мурас” достук турнири үстүбүздөгү жылдын 14-15-декабрында өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Футзал боюнча мелдеш Арча-Бешик конушундагы “Газпром” спорт комплексинде жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп, жалпы 16 команда катышат.

Турнирдин жобосуна ылайык, командалар төрт тайпага төрт командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот.

Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.

Турнирге төмөнкү командалар катышат:

— Президенттин командасы
— Маданият өкүлдөрү – “Өнөр”
— Белгилүү ишкерлер – “Бизнес”
— Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү – “Журналисттер”
— Футбол ардагерлери – “Алга”
— Спорт федерацияларынын жетекчилери – «Спорттук федерациялар»
— Жогорку Кеңештин депутаттары – «Жогорку Кеңеш»
— Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери, райондордун акимдери – «Аймактар»
— Дин өкүлдөрү – “Ыйман”
— Кыргызстандагы чет мамлекеттердин элчилери – “Элчилер”
— Ооруканалардын башкы дарыгерлери — «Ден соолук»
— Окуу жайлардын директорлору, ЖОЖдордун ректорлору — “Билим”
— Сот бийлигинин өкүлдөрү – “Фемида”
— Күч түзүмдөрүнүн жетекчилери – «Коопсуздук»
— Белгилүү спортчулар – «Спорт жылдыздары»
— Кыргыз Республикасынын элдеринин ассамблеясы, диаспора лидерлери – “Достук”.

Белгилей кетсек, турнир жылына эки жолу (кышында жана жазында) өтөт.

Related posts

Бакиев менен Атамбаев да экс-президент макамын кайтаргыла десе эмне болот? Садыр Жапаров жооп берди

admin

КР УКМК: Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин кызматкери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

admin

Президенттин администрациясынын штаттык саны кыскарды 

admin

Комментарий