Кочкордогу окуя боюнча 22 милиция кызматкери жазаланды 

Кочкордогу окуяга байланыштуу бир катар жетекчилер кызмат ордунан бошотулуп, айрым кызматкерлерге тартип жаза берилди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

  • 25-декабрда УКМК маалымат таратып, Кочкордо уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар милиция кызматкерлери кармалганын билдирген. Окуя боюнча ИИМ башчысы Улан Ниязбековүн катып, «Кемчилиги чачтан көп жетекчилер менен коштошобуз» деген.

Нарын облусунун Кочкор районундагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү боюнча окуяга тиешеси бар Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн эле эмес, бүт Нарын милициясынын да жоопкерчилиги онлайн кеңешмеде каралды. Айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, керек болсо, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилери бул окуяга көз жумуп, элге карата кылмыш жасап жатышса да окуяны жаап-жашырып коюшкандыгы ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан аныкталды. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен төмөндөгү жетекчилер жана кызматкерлер тартип жазаларын алышты.

Алар:

• Нарын ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Жумабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;

• Нарын ОИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги Кудайбердиевге, Нарын ОИИБнын начальнигинин кызмат боюнча орун басары, милициянын полковниги Мурзакматовго, Нарын ОИИБнын начальнигинин кадр боюнча орун басары, милициянын полковниги Турпанбаевгежана Нарын ОИИБнын Штабынын начальниги, милициянын полковниги Токтосуновго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;

• Нарын ОИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Усеналиевээлеген кызмат ордунан бошотулду;

• ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Акпаровго “сөгүш” тартиптик жазасы берилди.

• ИИМ КИИБнын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча начальниги, милициянын майору Билдебаев, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Токтосун уулу, ыкчам өкүл, милициянын капитаны Асанов, ыкчам өкүл, милициянын капитаны Маратбек уулу ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду;

• Нарын ОИИБдин Ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү, милициянын майору Омоковээлеген кызмат ордунан бошотулду;

• Кочкор РИИБдин начальниги Абыкеевдинжоопкерчилиги ИИОнун катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат.

• Кочкор РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Эрменовго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;

• Кочкор РИИБүнүн начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-кылмыш иликтөө кызматынын начальниги Алиевдин жоопкерчилиги ИИОнун катарында кызмат өтөшү соттук кароолордун жыйынтыгынын негизинде каралат;

• Кочкор РИИБдин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын подполковниги Садыбакасов менен Кочкор РИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары, милициянын подполковнигиСадыровго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;

• 7-ноябрда Кочкор РИИБдин жетекчиликтен жоопкерчиликтүү, милициянын айылдык бөлүмүнүн начальниги, милициянын капитаны Абдыкеев, Кочкор РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Капаров,Кочкор РИИБдин аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны Мурзабек уулу ички иштер органдарынын катарынын биротоло бошотулду;

• Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери, милициянын ага лейтенанты Кожокматов, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткөрүнүн жардамчысы, милициянын ага прапорщиги Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Жыйынтыктап айтканда, жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылды, ээлеген кызмат ордунан 9 кызматкер бошотулду, 3 кызматкер ИИОнун катарынан бошотулду, калгандары жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Жакында ушуга окшогон дагы бир катар фактыларды жер-жерлерден аныктап, мыйзам чегинде жоопко тартуу процесстери жүрөт.

Related posts

29-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кыргызстанда TikTok өчүрүлүп баштайбы?

admin

БШК 3 округдан депутаттыкка 35 талапкерди каттады (тизме)

admin

Комментарий