«Микки Маустун кулагына окшош». Кытайда мышык менен иттерге операция жасата башташты

Кытайда мышык менен иттерге операция жасаткан популярдуу болуп жатат. Үй жаныбарларынын кулагын дисней мультфильминдеги Микки Маустукундай кылуу үчүн операция жасатышууда. Мындан улам өлкөдөгү ветеринарлар коңгуроо кагышты. Бул тууралуу South China Morning Post жазды.

Үй жаныбарларынын кулактарын оңдоо процедурасы 2 этапта жүргүзүлөт. Биринчиден, алардын кулактары жарым тегерек кесилип, андан кийин вертикалдуу абалга келтирилет, ал 20дан 60 күнгө чейин созулат. Операциянын баасы болжол менен 40 доллардын тегерегин түзөт жана мыйзамда эч кандай чектөө жок. Бирок авторитеттүү ветеринарлар жаныбарлардын сырткы көрүнүшүнө мындай косметикалык кийлигишүүлөргө каршы чыгышты. 

Адистер мындай операциялар учурунда мышыктар менен иттерге физикалык жактан оор болорун, психологиялык травма алышарын айтышты. Жарааттын кийинки этабы да жаныбарларга көп азап алып келет.

Related posts

Баары чогуу ыйлап. Ким Чен Ын Энелер конгрессинде көзүнө жаш алды

admin

Бишкектеги №63 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

admin

Чолпон-Атанын мурдагы мэри кармалды. Ал Камчы Көлбаевге жер тилке берген деп айыпталууда

admin

Комментарий