Кыргызстанда аномалдуу суук  болушу күтүлүүдө

9-10-январларда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

10-11-январларда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3…-8° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -12…-17° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -16…-21° суук болушу күтүлөт.

12-13-январларда абанын температурасы мындан да төмөндөйт: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт.

Мындай аномалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Related posts

23.10.23 кооз датасында өлкөдө 115 түгөй баш кошту

admin

Арстан Алайдын өлүмү боюнча жаңы маалымат

admin

Рейд жүрүүдө: Кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген учурда 10 миң сом айып пул салынат

admin

Комментарий