Малды акысыз жасалма уруктандыруунун активдүү фазасы Нарын облусунан старт алды

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Министрлер Кабинети тарабынан 17,5 млн сомго 160 комплект жасалма уруктандыруу шаймандары сатып алынууда. Алар жакынкы аралыкта республиканын бардык аймактарындагы техник уруктандыруучуларга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Бакыт Төрөбаевдин айтымында, мындан сырткары, республикалык бюджеттен малды жасалма уруктандыруу үчүн 60 млн сом берилип, бул каражатка жогорку сапаттуу элита классындагы 270 миң доза-урукту сатып алуу жана 180 – 200 миң уйду жасалма жолу менен акысыз уруктандыруу 3 жыл бою жүргүзүлөт.

Малдын азыгын көбөйтүүнүн эң жөнөкөй жолу – жасалма уруктандыруу. Бул ыкма, малдын тукумун, породасын жана сүт-эт берүүсүн жакшыртат.

Нарын облусунда малдын асылдуулугу жана аларды жасалма жол менен уруктандыруу иштери төмөнкү денгээлде болгондуктан бул иш Нарын облусунан старт берилип жатат.

Related posts

138 миң доллар турган BMW X-5, Lexus RX 450 унаалар боюнча алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

admin

15-апрелге карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

10 жыл мурда Кыргызстандан Түркияга барган Анастасия Метин айыл башчы болуп шайланды

admin

Комментарий