Россияда мигранттарды кошумча медициналык текшерүүдө акы алынбай турган болду

Москва шаарынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын башкалар үчүн коркунуч туудурган жугуштуу оорулардын бар-жогуна кошумча (тереңдетилген) текшерүүдөн өткөндүгү үчүн акы төлөө жокко чыгарылды. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөн бул Кыргызстан тараптын бир нече ирет кайрылуусунан жана КРдин Тышкы иштер министрлигинин, Россиядагы элчиликтин РФ тарап менен жүргүзүлгөн тынымсыз иштеринен кийин болгонун белгилешти.

Мындан тышкары, Москва шаарынын «Многофункциональный миграционный центр» («Көп функционалдуу миграциялык борбор») мамлекеттик бюджеттик мекемесинин аймагында жүргүзүлгөн медициналык изилдөөлөрдүн тизмеси кеңейтилген.

«Ошону менен бирге эле башка медициналык мекемелерге жиберилбестен, аталган Борбордун аймагында жугуштуу оорулардын бар-жогуна кошумча (тереңдетилген) медициналык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Жугуштуу оорунун диагнозу тастыкталган жана тийиштүү дарылоону талап кылган учурда чет өлкөлүк жаран Москва шаарындагы адистештирилген медициналык уюмдарга жөнөтүлүүгө тийиш. Бул учурда жугуштуу ооруларды дарылоо үчүн акы алынбайт», — деп айтылган маалыматта.

Related posts

«Медик болом дечү». Ак-Сууда 18 жаштагы кыз каза болгон окуя тергелип бүттү

admin

Кыргызстандан Азербайджанга 100 топоз авиакаттам аркылуу экспортко жиберилет

admin

АКШ Киевге аскердик жардамын токтотту

admin

Комментарий