УКМК: Украинада согуштук аракеттерге катышкан кыргызстандыкты кармалды

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Украинанын аймагында согуштук аракеттерге катышкан КР жараны К.у.А. кармалды. Бул туурасында атайын кызматтан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, кыргызстандык К.у.А. Украинанын аймагына көчүп келип, ал жердеги аскердик топтордун катарында куралдуу кагылышууга катышкан.

Аталган жаран кечээ, 11-январда, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бирок анын кайсы жерден колго түшүрүлгөнү жазылган эмес. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.

Атайын кызмат чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышууга катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Related posts

КР УКМК: Ош шаарында адам уурдап, ири суммадагы акча каражатын талап кылгандар кармалды

mediaportalk

21-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

mediaportalk

«Күн сайын адамдар чөгүп жатат». Казак өкмөт башчысы коңгуроо какты

mediaportalk

Комментарий