Кыргызстанда өлкөнү Россия менен байланыштырчу соода маршруту иштелип чыгууда 

Кыргызстан сооданы өнүктүрүү үчүн жаңы маршрутту иштеп чыгууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Жаңы каттам өлкөнү Өзбекстан, Түркмөнстан жана Каспий деңизи аркылуу Россия менен байланыштырмакчы. Бул боюнча Транспорт, Экономика министрликтери жана жүк ташуучулар иштеп жатат.

Жакында эле Астраханда Кыргызстан, Россия, Түркмөнстан жана Өзбекстандын мамлекеттик органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн төрт тараптуу жолугушуусу болуп өткөн. Делегация мүчөлөрү «Астрахань деңиз порту», «Астрахань порту» жана «Армада» компанияларынын иши менен таанышып чыкты.

Related posts

19-февралда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Өзбекстан Кыргызстан менен чектешкен жерде жашаган 130дай үй-бүлөнү көчүрүүнү пландоодо

admin

Мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарына лицензия утту

admin

Комментарий