Баткенде күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 9-сентябрда саат 02:29да Баткен облусунда очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ билдирди.

Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Турмуш, Катран айылдарында төрт балл, Лейлек, Тогуз-Булак, Маданият айылдарында 3,5 балл, Сүлүктү шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Related posts

Окуучулар 30-декабрдан тарта кышкы эс алууга чыгат 

admin

Акылбек Жапаров: Кумтөрдүн алтыны  100% Кыргызстан үчүн иштеп жатат 

admin

Бишкек шаарында жана аймактарда мыйзамсыз диний лагерлер аныкталды

admin

Комментарий