Чоң-Алайда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулат

Президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жакынкы мезгилде Ош облусунун Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн 400 үйдүн курулушу башталат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

«Курулуш иштерин быйыл май айында баштоо пландалууда. Бардык үйлөр жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл болгон башка нерселер менен камсыздалат. Өлкө жетекчилиги Ооганстандын Кичи жана Улуу Памиринин аймактарынан бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат – бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

«Ар бир үй-бүлөдө 5-6 бала болушу керек». Ташиев бала бакчанын ачылышында келиндерге кайрылды

admin

Орозайым Нарматова Кемпир-Абад жана азыркы бийлик боюнча үн катты

admin

Бишкекте окуучулар орус элдик ырларын аткарып, жарышты. Сүрөт

admin

Комментарий