Кара-Суу районунда пара алып жаткан айыл башчысынын орун басары кармалды  

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл башчысынын орун басары пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 11-январында талап кылынган акча каражатынын 86 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн алуу учурунда Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын башчысынын орун басары, 1988-жылы туулган М.Б.С. кармалды.

Ал жеке турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча мурда чыгарылган токтомун жокко чыгарам деп коркутуп, жергиликтүү тургундан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Related posts

КР УКМК: 100 миң сом өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча КР Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери кармалды

admin

«Футбол бизге жарашпайт, көк бөрү эле ойнойлу» дегендерге президенттин жообу

admin

Чүйдө аял өзү короткон акчаны каракчыларга шылтаган деп шектелүүдө

admin

Комментарий